Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

ТУ-154Б азырынча учпайт


Россиянын транспортту көзөмөлдөө аганеттиги – Ространснадзор ишемби күнкү кырсыкты иликтөө аяктамайынча Ту-154Б үлгүсүндөгү учактарды убактылуу пайдаланбоого буйрук берди. Ишембиде Сургут шаарынан Москвага жөнөп жаткан учакта өрт башталып, керосин куйган бактары жарылып кеткен. 3 киши курман болуп, ондогону жарат алышкан. Ту-154түн бул варианты 1970-жылдардын башында уча баштаган. Ушу тапта Россияда андай учактан 15 даанасы пайдаланып жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG