Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Шварцнеггер губернаторлуктан кетти


Арнолд Шварцнеггер Калифорниянын губернаторлугунан кетүүдө. Ал бул кызматты 7 жыл аркалады. Атактуу киноактер адегенде 2003-жылы республикалык партиянын атынан ат салышып жеңген, 2006-жылы кайра шайланган. Шварцнеггер эң ири жана бай штаттардын бири болгон Калифорниянын экономикасын өнүктүрүүгө убада берген. Бирок сынчылар ал бийликке келегенден бери штаттын экономикасы төмөндөгөнүн белгилешет. Шварцнеггер мындан аркы пландары жөнүндө бөлүшө элек. Анын ордуна демократтардын өкүлү Жерри Браун келди.

XS
SM
MD
LG