Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

2010-жылда жаратылыш кырсыктары өтө көп болду


Дүйнөдөгү эң ири камсыздандыруучу компаниянын маалыматына ылайык, былтыр ар кандай табигый кырсыктар 295 миң кишинин өмүрүн алып кетти. Материалдык зыян болжолу менен 130 миллиард долларды түздү. “Мюнхен Ре” аттуу компания 2010-жылы 950 жаратылыш кырсыгы катталганын маалымдады. Гаитидеги жер титирөөдөн эле 222, 570 киши набыт болду. Бирок эң көп материалдык чыгымды декабарда Чилиде болгон зилзала алып келди. Анын кесепеттери 30 миллиард долларга жеткен. Компания көпчүлүк кырсыктар аба ырайына байланыштуу келип чыкканын белгилеп, буга климаттагы өзгөрүүлөрдүн далилили катары карайт. Мынчалык көп табигый кырсык 1980-жылы болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG