Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Маданият министри театрларды кыдырууда


Жаңы жыл алдында Маданият жана маалымат министри кызматына келген Нурланбек Шакиев жаңы жылдагы алгачкы иш-чарасын Бишкек шаарында жайгашкан театрларды кыдыруу менен баштоодо. Бүгүн ал Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында, Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрында, Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында жана “Учур” жаштар театрында болмокчу. Иш-чаранын негизги максаты театрлардын материалдык-техникалык базалары, имараттардын абалы менен таанышуу жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн пландарын макулдашуу болуп эсептелет. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG