Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

“Андаш” компаниясы экологиялык зыян тууралуу маалыматтарды четке какты


“Андаш Майнинг Компани” компаниясы Таластагы “Андаш” алтынжез кенин иштетүү экологияга зыян алып келбесин билдирген маалымат таратты. Ага ылайык, 30-декабрда кээ бир маалымат каражаттары “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлдөрүнүн биринин билдирүүсүн жарыялашып, кенди иштетүүдөгү экологиялык зыяндар тууралуу такталбаган маалыматтар таркап кеткен. Аталган компания билдиргендей, “Андаш” кенин иштетүүдө уулуу делген цианиддер колдонулбайт. Анткени аталган кенде таза алтын эмес, анын ортосундагы алтынжез өндүрүлмөкчү. Ал эми алтынжезди алууда цианид талап кылынбайт. Ошондой эле компания кенде колдонулчу суулар жабык түрдө болорун, айлана-чөйрөгө агып чыкпасын, жоголгон жайыттардын акысы акчалай кайтарыларын, ал эми кен чыга турчу жерди кайра калыбына келтирүү долбоору бар экенин айтат.

Буга чейин “Андаш” кенине жакын айылдардын тургундары бир канча жолу кенди иштетүүгө каршы чыгып, анын экологиялык жактан зыяндуулугу жогорулугун эскертишкен болчу. Аталган кенде 20 тоннадай алтын, 70 000 тоннадай жез бар. Совет доорунда бул кен рентабелсиз саналып, иштетилген эмес эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG