Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Ош: өндүрүштү көбөйтүү долбоорлору боюнча жумушчу топ түзүлдү


Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков 2011-жылды аймакта “Инвестиция жана өндүрүштү көбөйтүү” жылы деп жарыялоону сунуштады. Облустук администрациядан маалымдалгандай, губернатор бул тууралуу акимдердин катышуусундагы жыйында билдирди. Губернатордун орун басары Таалай Зикировдун айтымында, өндүрүштү көбөйтүү долбоорлорун тандоо боюнча жумушчу түзүлдү. Бул топ Оштогу райондордун баарын кыдырып алгылыктуу делген долбоорлорду топтомокчу. “Ошто айыл чарба азыктарын кайра өндүрүү боюнча 40ка жакын долбоор бар. Алардын ичинде этти кайра иштетүү ири цех куруу боюнча сунуш келип түшкөн, мындай ишкананы куруу үчүн Кытай, Жопония жана Индиянын ишкерлери инвестиция салууга даяр”, - дейт Т. Зикиров. (EBM)

XS
SM
MD
LG