Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Жаратылыш менен айкалышкан ырлар


Баш багып кирип келген койон жылы дүйнө элдеринин фольклордук чыгармалары “Азаттыктын” обосунан жаңырды.

Жакында Алтай элинин көрүнүктүү акыны Бронтой Бедюров Бишкекке келгенде “Алтай-Кай” аттуу белгилүү фольклордук тобунун ырлары жазылган диск берип жатып, Ала-Тоодогу кыргыздар көмөкөй менен ырдаганды унутуп калышканын белгиледи.

Бронтой мырза берген дискти угуп, алтайлыктардын “Эл ыры” деген чыгармасы апамдын бешик ырына окшоштугу бар экенин баамдадым.

Ал ырында апам, “Каак-каак, каргалар, камыш түбүн жорголор, жорголойт деп ким айтар, байдын уулу бака айтар, бака айтат деп ким айтат, бакырып жаткан теке айтар, теке айтар деп ким айтар, энеси өлгөн эчки айтар”,- деп уйкаш сөздөрдүн тизмегин айтып, неберелерин уктатар эле.

Мына ушундай кыргыздын бешик ырына окшош алтайлыктардын “Эл ыры”



Алтайлыктардын дагы бир “Ойно-ойно” деген фольклордук ырында Алты бакан селкинчекти тээп жаткан жаштар көмөкөйүнөн кереметтүү үн чыгарып, ал үн жаратылыш менен айкалышып, ырдын ажарын ачат.



Мына ушул көмөкөй менен ырдоо ыкмасы Шибердин айланасында жашаган бурят, жакут, хакас, тува сыяктуу бир катар элдердин фольклордук чыгармаларында кеңири колдонулат.

Ал эми хакастык обончу Толы Хоорай “Кыргыз ыры” деген ырында Энесайдын жээгинде кыргыз мамлекетин курган Улуу каган жөнүндө баяндап, хакас комузунун коштоосунда аткарган ыры алатоолук кыргыздардын обонунан айырмасы жоктой.



Тарыхта азыркы Америка, Канада мамлекеттеринин аймагын байырлашкан индеецтер Алтай тараптан кыш мезгилинде муз тоңуп турган маалда мухиттин ары жагына аңчылык кылып барышып, муз ээригенде мекенине келе алышпай калышкан деп айтылат.

Алардын ырларында, обондорунда алтайлыктарга окшоштугу бар. Айылын душмандардан коргоп, далысына жаасын, колуна кыска найзасын кармаган эр жүрөк индеец аргымагына минип, алыска көз чаптырып турат. Ал эми анын жигиттери отту айланып, жамандык жолобосун деп тилек кылып, улуттук аспабы - чоорду созушат.



Тувалык элдик ырчы Кангар Оол “Мыкты жылкылар" деген ырды созгондо тулпарлардын дүбүртү алда кайдан угулат.

XS
SM
MD
LG