Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Пакистанда губернаторду өзүнүн жан сакчысы өлтүрдү


Салман Тасир айыпталган христиан аялы Асия Биби (ортодо) менен, 20-ноябрь, 2010
Салман Тасир айыпталган христиан аялы Асия Биби (ортодо) менен, 20-ноябрь, 2010
Кечээ өлкөдө калк эң жыш жайгашкан Пунжаб облусунун губернатору Салман Тасирди анын өзүнүн жансакчысы атып өлтүргөн. Ал киши кармалып, губернаторду мурдатан эле христиандарга жан тартып келген деп жек көрүп жүргөнүн мойнуна алды. Тасир өлкөдөгү башкаруучу Пакистан Элдик партиясындагы прогрессивдүү саясатчылардын бири эле, президент Асиф Али Зардаринин жакын санаалашы катары белгилүү болчу. Анын өлтүрүлүшүн АКШ, Евробиримдик жана Бириккен улуттар уюму айыпташты. Өлкөдө буга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG