Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:36

Казак президентинин бийлигин референдум аркылуу узартууну АКШ сындады


Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин бийлигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу демилгесин АКШ сындады. Бул тууралуу Кошмо Штаттары Астанадагы элчилиги аркылуу билдирди. Элчилик бул демилгени “демократиядан артка кетүү” деп сыпаттаган. Өткөн жылдын этегинде Казакстанда Назарбаевдин президенттигин 2020-жылга чейин узартуу демилгеси көтөрүлүп, ал боюнча иштеген атайын топ 2 млн.дой кол топтогонун билдирген. Ал топтун лидери Эрлан Сыдыков АКШнын билдирүүсүнө жооп иретинде: "Ар бир суверендүү мамлекет өзүнүн мыйзамы менен жашаганга укуктуу. Биз өз тагдырыбызды өзүбүз чече турган деңгээлге жеттик. Бул демократияга каршы келбейт", - деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG