Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектеп жаткан Литва Беларустун аракеттерине каршы Европа биргелешкен чара көрүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу Литванын тышкы иштер министри Аудрониус Ажубалис билдирди. Өткөн аптада ЕККУнун Беларустагы ишинин мандатын узартуудан расмий Минск баш тарткан эле.
"ЕККУнун Минскидеги өкүлчүлүгү жабылганына биз аябай өкүнүп, көңүлүбүз калып турат, - деди ал. - Азыр эми Европадагы коопсуздук уюмуна мүчө ар бир мамлекет мындан ары Беларус менен мамиле кандай нукта түзүлүшү керектиги тууралуу ойлорун айтышы керек".
Дүйшөмбүдө ал Беларус менен бейрасмий сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.