Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

Тажикстандагы атышууларда сегиз козголоңчу өлтүрүлдү


Бул тууралуу кечээ өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Коопсуздук күчтөрү шейшембиде таң эртелеп Рашт өрөөнүндөгү үйлөрдүн бирине жапырык жасашкан. Атышууларда өлгөн куралчандардын арасында мурдагы талаа командири Аловуддин Давлатов да болгону айтылат. Тажик бийликтери аны өткөн жылдын сентябрындагы чабуулдар үчүн күнөөлөп жүрүшкөн. Тажикстандын Рашт өрөөнүндө былтыр сентябрдан берки атышууларда 100 жакын адам көз жумду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG