Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Укук коргоочулар УКМКны тез арада реформалоо керектигин айтышууда


“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова менен “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, ырайымсыз кыйноолорду өткөргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин тез арада реформалоо керектигин билдиришти.

А.Абдрасулованын айтымында, 3-январда укук коргоочуларга Спорт ордосунун жанындагы жардырууга жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында жардыруу уюштуруу аракетине шектүү делип кармалгандардын жакындары кайрылышкан. Алар шектүү делип кармалгандар ырайымсыз кыйноолорго туш болуп атканын айтышкан. Өз кезегинде укук коргоочулар жалдаган адвокаттар УКМКда камалып жаткандарга кирип, айрым айылталуучулар чындап эле ур-токмокко кабылганын айтып чыгышкан.

Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы жардырууга жана Бишкек ИИББнын жанындагы жардыруу аракетине шектүү делип 9 адам кармалган. Алардын үчөө коё берилип, алтооно "террорчулук", "атуучу куралдарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүшкөн" деген сыяктуу айыптар тагылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG