Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Ушул тапта “террорчу” деп шектелгендер менен атышуу болууда


Ушул тапта Бишкек четиндеги Арашан (Стрельников) айылы тарапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен ИИМдин атайын даярдыктагы аскерлери “террорчулар” делип шектелгендерди кармоо операциясын жүргүзүшүүдө. УКМК төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдиргендей, шектүү делген адамдар куралдуу каршылык көрсөтүп, учурда атышуу жүрүп жатат. Азырынча жарадар болгондор же жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

“Биз аларды тирүү кармайбыз же жок кылабыз. Булар бир катар террордук аракеттерди кылган жана кечээки милиция кызматкерлерин өлтүргөндөр деп шектелүүдө”,- дейт М.Иманкулов. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG