Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Шайлоо кодексин өзгөртүү аракетине каршы кайрылуу жарыяланды


Бир катар коомдук, бейөкмөт уюмдары Жогорку Кеңештин жаңы жыл алдында Шайлоо кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алганын сынга алышууда. “Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери” альянсы, “Психикалык саламаттык жана коом” уюму, Социалдык технологирялар институту жана Innovative Solution Inc уюму тараткан кайрылууда, бул парламент жаңы жыл алдында Шайлоо кодексине одоно мыйзам бузуулар менен өзгөртүү киргизип, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясын туурап, ошол эле ыкмаларды колдонууда.

Жаңы жыл алдында парламент депутаттары Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып, депутат кызматтан четтеген же башка кызматка которулган убакта кийинки депутат ким болорун ошол партиянын саясий кеңеши чечет деген эрежени киргизүүгө багыт алган болчу. Азыр иштеп аткан эреже боюнча андай учурларда тизмедеги кийинки адам депутат болуп келе берери каралган.

Жарандык коом өкүлдөрү мындай эрежени бузуу, Кыргызстандын Баш мыйзамында жазылган бир катар нормаларга каршы келерин эскертет. Маселен, Шайлоо кодексин жогорудагыдай кылып өзгөртүү, Баш мыйзамда жазылган “Бир дагы адам жынысы, түсү, майыптыгы, ишеними, этникалык өзгөчөлүгү, жашы, саясий көз карашы ж.б. өзгөчөлүктөрү менен дискриминацияланбашы керек”, “аялдар жана эркектер бирдей укукка жана мүмкүнчүлүккө ээ” деген сыяктуу нормаларга каршы келери баса белгиленет. Кайрылууда Шайлоо кодексине ушул сыяктуу өзгөртүүлөрдү киргизүү, демократиядан артка чегинүү катары бааланат. Мындай ачык кайрылууну демилгечи топ Жогорку Кеңештин төрагасына, фракция башчыларына жана Акыйкатчыга жөнөтүштү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG