Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Беш-Күнгөй айылындагы террорго каршы чара аяктады


Беш-Күнгөй айылына караштуу мал сарайлардын бирине жашырынып, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөндөрдү кармоо чарасынан кийин Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев “Азаттыкка” түз ободо маек курду.

Министрдин айтымында, атайын кызматтар мал сарайга жашырынган куралчан топтун өкүлдөрүн кечээ (4-январда) милиция кызматкерлерин өлтүрүү фактысынан бери акмалап жүрүшкөн. Акыры алардын жашырынган жайы аныкталып, ИИМ менен УКМКнын биргелешкен операциясы маалында шектүүлөр катуу куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.

Беш-Күнгөйдөгү ок атышуу 1,5 сааттан ашык убакытка созулган. Жоочулардын экөө жок кылынып, бирөө тирүүлөй колго түшүрүлдү. Ок атышуу маалында УКМКнын бир кызматкери ок жеп мерт кетти. Колго түшүрүлгөн адам Эдил Абдрахманов аттуу 25 жаштагы адам экени аныкталган.

З.Рысалиевдин айтымында, бүгүн жаалданып куралдуу каршылык көрсөткөндөр 2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанындагы жардырууга, 25-декабрда Бишкек шаардык башкы милициясынын имаратын жардыруу аракетине жана кечээки үч милицияны өлтүрүүгө түздөн-түз катышы бар адамдар болгон. Бул боюнча террордук топко тиешеси бар деген негизде буга чейин кармалган адамдар көрсөтмө берип, далилдер топтолгон, деди министр. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG