Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

З.Рысалиев: Ж.Бакиев келип кеткен деген сөз туура эмес талданган маалымат


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Беш-Күнгөй айылындагы операциядан кийин “Азаттык” үналгысына түз ободо маек куруп, өз орун басары Мелис Турганбаевдин “мурдагы президенттин бир тууган иниси, анын күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев Кыргызстанга келип-кетип турган” деген маалыматына комментарий берди. Министрдин айтымында, мындай маалымат туура эмес талданып айтылып кеткен.

“Мурдагы президенттин инилеринин бүгүнкү күндө Кыргызстанга келиши алардын өзүнүн өмүрүнө эле коркунучтуу. Муну алар өздөрү деле билет. Алар бүгүн келе алышпайт”,- дейт ал.

Мындан мурдараак ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” маек куруп, Ж.Бакиев Кыргызстанга 2-3 жолу келип кеткени тууралуу маалыматтар бар экенин, ал Тажикстан тараптан Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларына чейин келип кеткенин, күч структураларында алар эзелтеден иштеп, көптөгөн адамдары болгонун, андыктан аларды кармоо аракети азырынча ишке ашпай атканын айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG