Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Урмат Барктабасовдун соту бүгүн улантылат


У. Барктабасовдун соту жабырлануучу ИИМ кызматкерлери жана айыпталуучулардын бирөөсүнүн жактоочусу келбей калгандыктан кечээ бүгүнкүгө жылдырылган. Мурунку сот процессинде У. Барктабасов баш болуп кармалган 15 кишиге айыптар угузулган. Соттолуучулардын бирөөсү да күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Президенттикке мурдагы талапкер, “Мекен Туу” партиясынын лидери У. Барктабасов 4-августта кармалган, ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, УКМК камакка алган. Аны менен кошо кармалган 15 кишинин төртөө үй камагына чыгарылган.
У. Барктабасовго 2005-жылы 17-июнда да “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, издөөдө жүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG