Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Бүгүн Ташкенде газ боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Бүгүн Ташкенде газ баасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын билдиришти. Аталган ишкананын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кечээ Ташкенге кайрадан жөнөп кетти.
Маалыматка караганда, Өзбекстан газдын миң куб метрин 250 доллардын тегерегиндеги акчага сатууну көздөп жатат. Ал эми кыргыз тарап ушундай өлчөмдөгү газды 140 доллардан сатып алууга ниеттенүүдө.
Газдын баасын бычуу боюнча буга чейин бир нече жолу эки тараптуу жолугушуулар өткөн, бирок майнап чыккан эмес. Былтыр Өзбекстан Кыргызстанга газдын миң куб метрин 240 доллардан саткан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG