Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Кытайдан 30 миллион юандык грантка айыл чарба техникалары келет


Шаршембиде вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы гранттык жана инвестициялык долбоорду аткарууга байланыштуу өкмөттө жыйын өткөрдү.
Анда Кытайдан грант түрүндө 30 миллион юан каражатка келе турган тракторлор жана айыл чарба техникаларына байланыштуу маселе талкууланды.
Ө Бабанов тиешелүү министрлерге өлкөдөгү керектөөнү жана Кытайдан келчү техникалардын сапатын иликтеп-аныктоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кытайдан буга чейин бир канча партия тракторлор жана автобустар келген болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG