Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Мечиттерди кечкисин ачык калтырбоо буйругу берилди


Муфтий Чубак ажы Жалиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Кыргызстан дин башкармалыгы 5-январда Бишкектеги мечиттердин имамдарын чогултуп жыйын өткөрдү. Анда шаардагы бардык мечиттерди кечкисин убагында жабуу, ачык калтырбоо буйругу берилди. “Бул мечиттердин жана андагы адамдардын коопсуздугу үчүн, динге жамынган ар кандай адамдар мечиттерге кирип барбасын деген чечим болду”,- дейт Жалилов. Мындан сырткары муфтият дин адам өлтүрүүгө каршы деген позицияны элге таратуу аракетин көрүүдө. Ушул эле маселе 12-январда Бишкекте өтө турган эла аралык чоң жыйында талкуу болмокчу. Жыйын тынчтык үчүн ар кайсы диндер кандай салым кошо алат деген темада өтмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG