Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүнү караштырууда


Дыйкандарга жызгы айдап-себүү маалында 200 миң сомдон 7-9 үстөк пайыздагы жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында белгиленди. Премьер-министр Алмазбек Атамабев январь айынын соңуна чейин майлоочу жана күйүүчү май ташуу, урук, дыйкандарга техникалык жабдуу жана насыя маселелерин чечүүнү убада кылды. Маалыматка ылайык, насыя АКШ (20 млн. доллар) жана Кытайдан (5 млн. доллар) келчү гранттын эсебинен болуп, 6-8 айга берилмекчи. Биринчи вице премьер-министр Өмүрбек Бабанов учурда банктарды колдоо боюнча атайын фонд бул маселени караштырып жатканын кошумчалыды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG