Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Бишкекте “Коопсуз шаар” программасы ишке киргизилди


Бишкекте Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” программасы ишке киргизилди. Учурда аталган программага жаңы күчөтүлгөн иш-чараларды киргизүү аракети көрүлүп, коомчулук менен бирге иштөө жолдору каралууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматулла Ахмедов кабарлады. Анын айтымында, милиция 25-декабрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

Бишкектин айрым соода борборлорун, базарларды кыдырып жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Жапаров баш калаада “Коопсуз шаар” программасы иштеп жатканын, чоң соода борборлорунда көзөмөл күчөтүлгөнүн тастыктады.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев милиция кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кайрылуу жасап, соңку окуялардан улам “Коопсуз шаар” программасында белгиленген бир катар чаралар токтоосуз көрүлүшү керектиги белгилеген. Ага ылайык, кечинде спирт ичимдиктерин сатууга чектөөлөр киргизилет, көчөлөрдө видео камераларды орнотуу, кумар оюндары өтчү жайлар менен мектептердеги рэкетчиликке бөгөт коюу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жеке менчик мейманканалардын ишин көзөмөлгө алуу сыяктуу чаралар каралган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG