Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Энергетика тармагындагы аварияны эл аралык комиссия иликтейт


“Кыргызстандын электр түйүнү” ишканасынын жетекчиси Раимбек Мамыровдун бүгүн маалымат жыйында билдиргени боюнча, бүтүндөй Борбор Азияга таасирин тийгизген электр энергиясындагы аварияны иликтей турган эл аралык комиссия түзүлөт. Анын айтымында, комиссия Бобор Азиянын биргелешкен энергосистемасындагы координациялык-диспетчердик борборунун базасында түзүлмөкчү. "Текшерүү учурунда Кыргызстан тараптан мүчүлүштүктөр табылса, алдын алуу иштери өткөрүлөт жана эскертүү берилиши мүмкүн", - дейт Райымбек Мамыров.

5-январда 48 подстанцияда электр берүү үзгүлтүккө учураган. Анын ичинде Чүйдө 22, Жалал-Абад менен Нарында бештен, Ош облусунда 9, Таласта 4 жана Ысык-Көл облусунда 3 подстанцияда өчүрүүлөр болгон. Натыйжада калктын 20 пайызга жакыны жарыгы жок калган. Ошондой эле өзбек энергосистемасы менен бириктирчү жогорку чыңалуудагы Кристалл-Юлдуз подстанциясы өчүп калган. Натыйжада Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасына кирген аймактын тургундары бир нече саат бою жарыксыз калган.
Бишкектин бир катар көчөлөрү жарыксыз калды. "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы оңдоо иштери жүрүп жатканын кабарлоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG