Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Сауд Арабстанда ооруп калган зыяратчыны алып келүүгө мүмкүн болбой жатат


Ажылык сапарга барып, саламаттыгы кескин начарлаганына байланыштуу жергиликтүү ооруканага жаткырылган кыргызстандык жаран Усманованын абалы турукташып калганын Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Кумар Дүйшөнбаев “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, оорулуунун жанында туугандары бар, бирок аны Кыргызстанга алып келүүгө азырынча саламаттыгы жол бербей жатат. Бул аялдан башка ажылык сапарга кеткен Кыргызстандын бардык жарандары кайтып келишкен.

Быйыл ажылык сапарга 4 300гө чукул киши кеткен, алардын ичинен экөөнүн ден соолугу кескин начарлап, каза тапкан. Алардын сөөгү ошол жакта жерге берилген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG