Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Окко учкан милиция кызматкерлери акыркы сапарга узатылды


Пиридинбай Ысманов
Бүгүн Баткен районунун Паскы-Арык айылында 4-январда Бишкекте террорчу деп шектелгендер тарабынан атып өлтүрүлгөн милициянын лейтенанты Пиридинбай Ысмановдун сөөгү жерге берилди. Баткен областтык администрациясынын маалымат катчысы Мамажан Бердишевдин “Азаттыкка” айтымында, киши колдуу болгон милиция кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына облус жетекчиси Султанбай Айжигитов, ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов, Баткен областынын акими Хаит Айкынов катышып, маркумдун жакындарына көңүл
Алмазбек Сулайманов
айтышты.

Маалыматка караганда, 46 жаштагы Пиридинбай Ысмановдун артында 20 жаштагы бир жана өспүрүм курактагы эки баласы калган.

Дагы бир милиция кызматкери Алмазбек Сулаймановдун сөөгү бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таштар-Ата айылына коюлду.

Самат Жээнбеков
Ал эми Самат Жээнбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG