Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Жеңиш Бабараимовдун ысмын Оштун бир көчөсүнө ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү


5-январда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында өткөрүлгөн операция учурунда окко учкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун жоокери Жеңиш Бабараимовдун сөөгү бүгүн Ош шаарындагы Учар кичи районунда жерге берилди. Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына губернатор Сооронбай Жээнбеков, шаар мэри Мелис Мырзакматов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетекчиси Памир Асанов катышып, маркумдун туугандарына көңүл айтышты.

Баткен облустук администрациясынын маалымат катчысы Мамажан Бердишевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Мелис Мырзакматов маркум Жеңиш Бабараимовдун үй-бүлөсүнө шаардан батир берүүнү жана шаардагы көчөлөрдүн бирине анын ысымын ыйгаруу убадасын берди.

Жеңиш Бабараимов Баткен облусунун Бешкент айылында туулган. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ата-энеси Ош шаарында турат. Жеңиш төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон. Анын артында бир уул, бир кызы калды. Жеңиш Бабараимов 7-апрелде Ак үй алдында элге ок атты деп айыпталып жаткандардын бири болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG