Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Урмат Барктабасовдун соту 12-январда уланат


Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовго тийиштүү соттук териштирүү уланып, эки ИИМ кызматкери жабырлануучу катары суралды. Бул тууралуу “Аазттыкка” У.Барктабасовдун адвокаты Жаманкул Жунусов кабарлады. Анын айтымында, жабырлануучулардын сотто берген көрсөтмөсү баштапкы берген көрсөтмөлөрүнө дал келген эмес. Адвокат окуя боюнча башка дагы күбөлөрдү суракка алуу өтүнүчүн киргизди.

4-августта “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” делип айыпталып, ошондон бери Улуттук коопсуздук комитетинин абагында жаткан Урмат Барктабасовдун соту 12-январга жылды. Кийинки соттук териштирүүдө соттолуучулар суралат.

У.Барктабасов 2005-жылы президенттикке талапкер болгон. Казакстандын жараны экени айтылып, талапкерлиги алынып салынган соң анын тарапкерлери өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, өкмөт үйүнө чейин кирип барышкан. Ошондон бери ал “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” делип айыпталып, издөөдө жүргөн. 2010-жылы бийлик алмашкан соң ал Кыргызстанга келип, мурда козголгон кылмыш иштери боюнча сотко келбей, Балыкчы шаарында жүргөн. 4-августта анын тарапкерлери Бишкекте чоң митинг өткөрүп, өзү жүздөгөн тарапкерлерин ээрчитип Балыкчыдан авто кербен менен келаткан жолдо, Бишкектин кире беришинде кармалган. Бишкекке келаткан жолдо ал бийлик адамдары менен жолугушуп, премьер-министрлик кызматты талап кылган. Бул жолу да ага мурдагыдай эле айыптар коюлууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG