Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

ИИМ миналанган унаа табылды деген маалыматка түшүндүрмө берди


Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчи орун басары Рахматулло Ахмедов Бишкектин Бөкөнбаев-Тыныстанов көчөлөрүндө мина коюлган унаа табылды деген маалыматка түшүндүрмө берди. Ахмедовдун “Азаттыкка” айтымында, аталган көчөгө шаар тургуну бузулган унаасын токтотуп кеткен. “Зымдары чубалып турган унааны көргөн шаардыктар ИИМ кызматкерлерине кайрылышкан. Натыйжада унаанын ээси такталып, машине болсо оңдоочу жайга жеткирилди. Шаардыктар ИИМ жетекчилигинин өтүнүчү менен шектүү нерселерди көргөндө кайрылып жатышат”,-дейт ал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG