Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Бүгүн Ыйсанын туулган күнү


Бүгүн Кыргызстандагы бардык православ чиркөөлөрүндө Ыйсанын туулган күнүнө арналган майрамдык жөрөлгөлөр болот. Христиандар чиркөөлөргө келип, шам жагып, кудайга жалынышат. Бул күнү ошондой эле кедей-кембагалдарга садага таратып, муктаждарга колдон келген жардам берүү керек деп эсептелет. Ыйсанын туулган күнүнө карата кечээ президент Роза Отунбаева кыргызстандык христиандарга куттуктоо жолдогон.

Католиктер бул күндү Григориян календары боюнча белгилешсе, православдар Юлиан календары боюнча белгилеп келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG