Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

Тез жардам унаасы кырсыкка учурады


Окуя 6-январда кечки саат 10дор чамасында Бишкектеги Медеров жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Натыйжада Көк-Жарга тез жардам көрсөтүүгө шашып бараткан гинекологиялык бригаданын эки дарыгери жана айдоочусу жараат алды, бир дарыгер ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлерди сүзгөн номери жок унаада төрт кишинин үчөө милиция формасын кийген адамдар болгон. Алардын экөө кыздар.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, дарыгерлердин абалы канааттандырарлык. К. Мамбетовдун билидиришче, формачан адамдар мас абалында болчу. Алар окуяны ошол жерден бүтүрүп коюуну каалашкан. Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын да, ИИМдин басма сөз кызматы да бул маалымат учурда такталып жатканын “Азаттыкка” билдиришти. (EBM/КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG