Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Аба ырайы


Синоптиктердин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 8-январда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16 даража суук, күндүз 0…-5 градус суук болот, Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус суук, Баткенде түнкүсүн - 4…-9 суук, күндүз 2…7 градус жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8 грудус суук болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -26... -31, күндүз -11... -16 градус суук

Бишкек шаарында 8-январда жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы саатына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4 градус суук суук болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG