Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

К.Сагынбаев орус бильярды боюнча мелдеште үчүнчү болду


Кыргызстандын Каныбек Сагынбаев Казакстанда жыйынтыкталган орус бильярды боюнча III мелдешке катышты. Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макештин "Азаттыкка" маалымдашынча, мелдешке жалпысынан Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 66 спортчу катышкан. Мелдеште кыргызстандык дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев үчүнчү орунду алды. Биринчи жана экинчи орунду казакстандык Эрнар Чимбаев менен Максим Пан ээледи. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG