Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Нурсултан Назарбаев түбөлүк президенттиктен баш тартты


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жалпы элдик референдум аркылуу бийлик мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу жөнүндөгү сунушту колдогон жок. 70 жаштагы Назарбаев өлкө парламентинин Конституцияны өзгөртүү сунушуна макул болбогону бүгүн ырасмий жарыяланды. Декабрда бейрасмий жарандар тобу Назарбаевдин бийлик мөөнөтүн дагы 10 жылга узартуу боюнча демилге көтөрүп, демилгени Казакстан парламентинин эки палатасы тең жактырган. Оппозиция мындай демилгени 2012-жылкы президенттик шайлоону өткөрбөөнүн амалы катары баалаган. Ал эми АКШ “демократиядан чегинүү” деп сындаган.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды чейрек кылымга жакын башкарууда.

XS
SM
MD
LG