Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:57

Лондонго полициянын кошумча күчтөрү тартылды


Террордук чабуул болот деген кооптонуудан улам Лондондун аэропорттору, авто жана темир жол бекеттерине кошумча полиция жайгаштырылды. Маалыматтарга караганда, чабуул болору тууралуу так маалымат жок. Бирок Лондон шаардык полициясы террорчулукту болтурбоо боюнча ачык-айкын жана жашыруун иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирген. Британ өкмөтүнүн маалымдашынча, терроризм коркунучу олуттуу же эң жогоркудан бир даража төмөн деңгээлде калууда. Өткөн жылы Британияда бир нече жолу ушундай абал ырасмий жарыяланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG