Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Евробиримдик жоопкерчиликти МАГАТЭге оодарды


Тегеран апта башында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭдеги Евробиримдиктин дипломаттарын ядролук ишканаларын текшерүүгө чакырган болчу. Биримдиктин Тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон айым жума күнү Ирандын сунушун четке кагып: "Ядролук объекттерди Евробиримдик эмес, МАГАТЭ инспекция кылуусу керек”,- деди Ройтер агенттигине Будапеште берген интервьюда.

Ал эми Эштон айымдын өкүлү Мая Кочиянчич ушул эле күнү Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Ирандын чакыруусуна Евробиримдиктин мамилесин тууралуу мындай деди: "Биз Ирандын ар кандай ядролук ишканаларын Жогорку комиссар Кэтрин Эштон айткандай, МАГАТЭнин инспекторлору текшергени жакшы болот деп эсептейбиз".

XS
SM
MD
LG