Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Балдарды коргоо департаменти: "Бала багып алууда тоскоолдуктар жок"


Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо департаменти мындай билдирүүнү акыркы убакта басма сөз каражаттарында Кыргызстандагы бала багып алуу маселелери туурасында маалыматтардын пайда болушунан улам жарыялап олтурат. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда бала багып алуу ачык жүргүзүлүп, тоскоолдуктар жок. Болгону бала асырап алуу үчүн кайрылгандар көбүнесе үч жашка чейинки дени сак балдарды багып алууну каалашат. "Андай балдар аз болгондуктан күтүүгө туура келет" деп жазылат билдирүүдө.

Январь айынын башында бала сатуу окуясына байланыштуу бир катар бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда бала багып алуу кыйын экендигин, бул тармак коррупциялашып кеткенин айтып чыгышкан эле. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG