Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Орусия-Жапония өзөктүк кубат келишими жактырылды


Президент Д.Медведев эки өлкө ортосунда өзөктүк кубатты тынчтык максатта пайдалануу боюнча келишимди ратификациялоочу мыйзамга кол койду. Орусия менен Жапониянын ортосунда бул жааттагы келишимге 2009-жылы кол коюлган.

Мамлекеттик Дума келишимди ратификациялай турган мыйзамды өткөн жылдын декабрында жактырган.

Келишимдин шартына ылайык эки тарап тең уран кендерин иликтөө жана иштетүү, долбоорлорду түзүүдө, курулушта, өзөктүк коопсуздук жаатында биргелешип кызматташууга милдеттенишкен.

XS
SM
MD
LG