Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Жаштардын жетишкендиктери туурасында китеп чыгат


Бул китеп “CONTENT 2010” деп аталып анда 2010-жылы Кыргызстан башынан өткөргөн окуялардагы жаштардын орду туурасында кеп болот. “Эркин муун” альянсынын жетекчиси Урмат Казакбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул китепте өтүп кеткен жыл ичинде адам укуктарын жана демократиялык түзүлүштү өнүктүрүүгө салым кошкон жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Китеп бирөө тарабынан жазылбастан, жаштардын өздөрүнүн жетишкендиктери туурасында жазып жиберген каттарынан турат. Бул демилге “Кебел”, Либерал жаштар клубу, “Эркин муун” альянсы тарабынан көтөрүлүп, китеп февраль айында жарык көрөрү күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG