Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

10-январда Санпа окуясы боюнча апелляциялык арыздар карала баштайт


Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы териштире турган тараптардын апелляциялык арызы аталган шаарда болот. Коллегия облустук соттун төрагасынын орунбасары Жолдош Ибраевдин жетекчилиги алдында өтөт. Ал окуянын жабырлануучулары Сузак райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну, соттолуучулар болсо, ал өкүмдү жокко чыгарып, өздөрүн актап чыгарууну өтүнүшкөндүгүн билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айында райондук сот Санпа окуясы боюнча айыпталуучу 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылдан түрмөгө кесүү өкүмүн угузган. Окуяда инисинен айрылган Байыш Асанов Жалал-Абадда коопсуздуктун болооруна ишенбеген жабырлануучулар апелляциялык арызды Ноокен райондук сотунун имаратында каралышын жактаарын билдирди. Соттук материалдарда 44 киши жабырлануучу, 94 адам күбө катары катталган.

Ички иштер башкармасынын маалымат кызматы 12-14-июндагы Санпа окуясында Ош - Бишкек жолу менен жүргөндөрдүн арасынан 16 жолоочу мыкаачылык менен өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголуп, тогуз автоунаа өрттөлгөнүн билдирген. ( YA)

XS
SM
MD
LG