Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Германия 2014-жылдан кийин Ооганстанды жалгыз калтырбайт


Мындай билдирүүнү Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле жекшемби күнү Кабылда Ооганстандын тышкы иштер министри Залмай Расул менен кездешкен соң жасады. Эки министр Ооганстандын Чыгыш Германиядан мураска калган 17 миллион доллар карызын кечкен келишимге кол коюшту. Вестервелле президент Карзай менен да жолукту. Коопсуздук чарасына байланыштуу бу визит күтүүсүз болду. Келерки аптада Германия өкмөтү Ооганстандагы НАТО курамындагы аскерлеринин мандатын узартуу маселесин карайт. Азыр Ооганстанда германиялык 4600 аскер бар.

Бир күн мурда Индия да өз аскерлерин Ооганстан өкмөтү каалаганча калтыранын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG