Азиянын кубогу үчүн Катарда өтүп жаткан мелдеште сириялык футболисттер Сауд Арабиянын улуттук командасын 2:1 эсебинде утушту. Таймаштан соң Саудиянын тандалмасынын машыктыруучусу Хосе Песейро кызматынан бошотулганы ырасмий маалымдалды. "В" тобунда Япония жана Иордания беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен бүттү.