Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Санпа окуясы боюнча сот Ноокенге которулду


Бул тууралуу Жалал-Абат облустук сот төрагасынын орун басары, Санпа окуясы боюнча апелляциялык арызды кароочу соттук коллегиянын төрагасы Жолдош Ибраев “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтуусунда, мындай чечим жабырлануучулардын “сот жараяны Ноокен райондук сотунун имаратында өтсө” деген өтүнүчүнө ылайык жана соттолуучулардын коопсуздугуна байланыштуу кабыл алынган. Санпа окуясы боюнча апелляциялык арызды кароо бүгүн саат экиде Ноокен райондук сотунун имаратында болмокчу.

Ал эми соттолуучулардын туугандары жана адвокаттар апелляциялык арызды кароо жараяны Жалал-Абад шаарында болсо жакшы болмок деп эсептешет. Алар мындай пикирин “Азаттыктын” кабарчысына айтышты.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанында 500 чамалуу киши чогулуп, жолдон өткөн автоунааларга ок атып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Он чакты автоунаалар өрттөлгөн. Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту карап, Санпа окуясы боюнча айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн угузган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG