Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Кызмат учурунда мерт болгон аскер кызматчыларын эскерүү болот


2010-2011-жылдары өз милдетин аткарып жатып каза тапкан милиция жана атайын кызматтардын аскерлерин эскерүү митинги 11-январда Жеңиш аянтында болмокчу. Бул тууралуу “Күч кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин” жетекчиси Арстанбек Дунганов “Азаттыкка” билдирди. Митинг-реквиемде апрель окуясы учурунда “куралсыз элге ок аткан” деп айыпталып жаткан күч кызматкерлери тууралуу да кеп болмокчу.

2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүн коргоп турган эки милиция кызматкери бут алдында жарылган гранатадан улам набыт болушкан, бир нече күч кызматкерлери жаракат алышкан. Милиция жана атайын кызматтардын кызматкерлери июнь коогалаңында да өздөрүнө тагылган милдетти өтөп жатып курман болушкан.

2011-жылы 5-6-январда террорист деп айыпталып жаткандардын колунан үч милиция кызматкери жана “Альфа” атайын кызматынын бир жоокери курман болушту.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG