Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Дарыгерлер маянаны көтөрүүнү талап кылууда


Саламаттыкты сактоо министрлигинде азыр дарыгерлердин айлык акысына байланыштуу жыйын өтүп жатат. Жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков айлык акынын аздыгына нааразы болуп жаткан кесиптештерин колдоого аларын билдирип, дарыгерлерге азыр берилип жаткан айлык акы өтө эле аздыгын кошумчалады. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо акыркы жыйырма жыл ичинде 12 эсеге кыскарган жана бир кишини дарылоого болгону 400 сом гана бөлүнөт.

Дарыгерлердин айлык акысына байланыштуу өтүп жаткан жыйынга ЖК депутаттары, каржы министри жана дарыгерлер катышууда.

Айлык акынын аздыгына нааразылыгын билдирген дарыгерлер аз күн мурун өкмөткө кайрылып, бул маселени кароосун өтүнүшкөн эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG