Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

Тоңдук мугалимдер иш ташташты


Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жана Шамей орто мектептеринин мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен бир ай мурда коюлган талаптар аткарылбаганы үчүн иш ташташты. Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими Лиля Сопиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта райондук акимчиликтин алдына жүзгө чамалуу мугалим чогулду. Аларды Алтымышбаев атындагы орто мектептин мугалимдери да колдоп, бул мектептин айрым мугалимдери да митингге катышууда. Лиля Сопиеванын айтуусунда буга чейин убада кылынгандай мугалимдердин айлык акысы 1-январдан эмес, 1-февралдан тартып 30% көтөрүлөт деген маалымат мугалимдердин нааразылыгын дагы күчөттү. Ошондой эле мугалимдер инфляция күн санап өсүп жаткан учурда 30% кошумча өтө эле аз деп эсептешет. Нааразылык акциясына чыккан мугалимдер менен райондун акими, райондук билим берүү бөлүм башчысы жолугушууда.

Тоңдук мугалимдер айлык акыны көтөрүү, мугалимдерге мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүү талаптары менен буга чейин декабрь айында нааразылык акциясына чыгып, эгер мектеп окутуучуларынын талаптары аткарылбаса, бир айлык иш таштоо тууралуу демилгени колдоого алышарын билдиришкен.

Өткөн жылы 1-декабрдан тартып Базар-Коргондогу мугалимдер айлык акыны 10 миң сомго көтөрүү, мамлекеттен социалдык колдоо көрсөтүлүүсүн талап кылып, акцияга чыгышкан. Андан кийин өлкөнүн бардык облустарында бул талапты колдогон акцилар өткөн.

Өкмөт мугалимдердин нааразылыгын эске алып, 1-январдан тартып алардын айлык акысын 30% көтөрүү тууралуу чечим кабыл алган болчу.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG