Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 12 млн. долларды сатыкка чыгарды


Улуттук банктын маалымдаганы боюнча, 12,05 млн. доллар жаңы жылдан бери ички валюта базарында сатылды. Бирок буга карабай АКШ долларынын баасы жыл башынан бери 5 тыйынга кымбаттаганы байкалууда.

Бүгүнкү күнү Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча 1 АКШ доллары 47 сом 17 тыйын турат, ал эми 1 евро 61 сом 85 тыйын, 1 орус рубли 1 сом 55 тыйын, 1 казак теңгеси 32 тыйын турат.

2010-жылдын 10-январында 1 АКШ доллары 44 сом 50 тыйынга барабар болчу.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG