Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

КТРКдагы кадрдык өзгөрүүлөргө нааразылык чыкты


Бүгүн Коомдук телерадиокорпорациянын алдына КТРКнын башкы директорунун радио жаатындагы мурдагы орун басары Кадыр Кошалиевдин калтырылуусун талап кылган жыйырма чакты киши пикетке чыкты. Алар КТРКда иштеген кызматкерлер жана өздөрүн коомдук демилгечилер атаган жай адамдар. Нааразылык акциясына чыккандар менен КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев жолугушуп, талаптарын карап көрүүнү убада кылды. Пикетке чыккандар КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын да өзгөртүүнү талап кылышууда.

Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директорунун радио жаатындагы орун басары Кадыр Кошалиев бул кызматка июль айында президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен дайындалган. Аз убакыт мурда КТРКнын байкоочу кеңеши анын ордуна Руслан Асанбек уулун дайындоо тууралуу КТРК башкы директорунун сунушун колдоп берген. Руслан Асанбек уулу КТРКнын бир катар кызматкерлери өзүнө ишеним көрсөтпөй, нааразылык акциясына чыккандан кийин кызматтан баш тартканы тууралуу арыз жазганы кабарланууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG