Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Санпа окуясы боюнча айыпталуучулар сотко ишенбейт


Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанында адам өлтүргөн, массалык баш-аламандык уюштурган деп айыпталып, соттолгондордун экөө: милициянын полковниги Бахадыр Жалалов менен мурдагы башкарма Усманжан Аблязов жана соттолуучулардын адвокаты Абдымалик Абдукалимов апелляциялык арызды карап жаткан соттук коллегиянын курамына ишенбөөчүлүгүн билдирди. Алар апелляциялык арыз Кыргызстандын түндүк облустарында каралышын өтүнүп жатышат. Ал эми Санпа окуясынын жабырлануучулары менен мамлекеттик айыптоочулар мындай сунуштарга каршы болушууда. Ушул тапта сот айыпталуучулар менен адвокаттын өтүнүчүн карап көрүү үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Санпа окуясы боюнча апелляциялык арызды Жалал-Абат облустук сотунун коллегиясы Ноокен райондук сотунун имаратында карап жатат. Сот залында бул иш боюнча айыпталган он тогуз кишинин баары апкелинди. Процесстеги тартипке Ноокен, Сузак РИИБинин милиционерлери жана Жалал-Абат облустук ИИБинин атайын тобу көзөмөл кылышууда.

Санпа окуясы боюнча ишти мурда Сузак райондук соту карап, бул иш боюнча айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн угузган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG