Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Апрель ыңкылабынын катышуучулары кайра митингге чыгаарын эскертти


Бул тууралуу алар жалпы кыргыз элине, президент Роза Отунбаевага, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго жолдогон кайрылууда айтылат. Апрель ыңкылабына Сокулук районунан катышкан активисттердин бул кайрылуусунда "мурдагы бийликти кетирүү үчүн жаштардын каны жок жерден төгүлдү, бүгүнкү күнү бийликке кайра эле бакиевчил адамдар келди, элибиз дагы алданды" деп жазылат. Кайрылуу ээлери президент Роза Отунбаеваны мамлекет башына революционерлер алып келгенин белгилешип, бийликти мурдагы үзөңгүлөштөрүнөн тазалап салуу анын өзүнө кооптуу болуп калганын эскертишет. Ал эми өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди премьер-министрлик кызматты элдин кызыкчылыгынан өйдө койду деп айыпташкан революционерлер министрликтер кыскартылып, мурдагы президенттердин тушунда элди, мамлекетти талап-тоногон чиновниктер кызматынан алынышын талап кылышкан. Ошондой эле кайрылуу ээлери убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө өкмөттөн орун берилип, ыңкылаптын ой-максаттарын аягына чыгаруусуна шарт түзүлүүсүн талап кылышып, эгер бул талаптар аткарылбаса, февраль айынан тарта мөөнөтсүз митинг баштаарын эскерткен.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруу режимине каршы 7-апрель күнү болгон толкундоо учурунда 87 адам окко учкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG