Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Санпа окуясы боюнча сот уланды


Ишти карап жаткан соттук коллегия соттолуучулардын жана алардын адвокатынын соттук курамга ишенбөөчүлүгүн билдирген өтүнүчүн четке какты. Ушул тапта соттук териштирүү уланууда. Жараянга катышып жаткан кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча, Санпа окуясында жакындарынан ажырагандар өздөрүнүн 1,5 млрд. сомдук моралдык жана материалдык чыгымдарын соттолуучулардын эсебинен өндүрүп берүүнү өтүнүп соттук коллегияга кайрылышты.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Санпа пахта иштетүүчү заводдун жанында 500 чамалуу киши чогулуп, жолдон өткөн автоунааларга ок атып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Он чакты автоунаалар өрттөлгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG